Таластагы колго жасалган "Чупакабра". Мерседестен жол тандабаска айланган автоунаа

Жазылуу
Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Орловка айылынын тургуну Валентин Ганюк колго жасалган "Чупакабра" автоунаасы тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына айтып берди.

Ал 2013-жылы жайында трактор менен чөп тартып келе жатып, Кара-Куюн капчыгайынан прицепти оодарып алган.

"Ылдыйыш жерден трактордун тормозу кармабай калып, ала салып кетти. Ушул окуя менин машина курап чыгуума түрткү болду. Ал аңгыл-дөңгүл жерде жүрүүгө ыңгайлашкан", — дейт Ганюк.

Өзүнүн "Mercedes-Benz" үлгүсүндөгү автоунаасын ал каскадер Темиркул Бөрүбаев менен чогуу жол тандабас кылып жасап чыккан. Бөрүбаев рамасын жана амортизаторлорун жасаса, негизги ишин фермер өзү жасаган. Аны жасап чыгууга жарым жылдай убакыт кеткен.

"Бул машинаны башкалар көрүп суктансын деп эмес, күнүмдүк тиричиликте колдонуу үчүн жасадым. Бир күндө 2-3 жолу Кара-Куюнга барам. Орловкадан 40 чакырымдай алыс жайгашкан жерде мал бар. Ага жем-чөп алып барам", — дейт фермер.

Ал ошондой эле бул машина менен Таластын катуу аккан дарыяларын да кече аларын айтат. Андыктан аны Таласта "Еленваген" деп аташса, Бишкекте "Чупакабра" деп атап коюшкан.

Дыйкан шиш така кийген кыздар машинанын ичине түшө албай кыйналганын анын бир кемчилиги деп тамашалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0