Харатьян кыргызстандык күйөрмандары менен чогуу "Гардемарины" ырын аткарды

Жазылуу
Жума күнү кечинде Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Россиянын эл артисти Дмитрий Харатьяндын концерти өттү.

Кара деңиз флотунун артисттери Кыргызстандын үч шаарында концерт берет
Көпчүлүктүн сүймөнчүгү болгон Харатьян "Гардемарины, вперед!" (Гардемариндер, алга – ред.) көп сериалуу тасмасындагы "Не вешать нос, гардемарины!" (Чүнчүбөгүлө, гардемариндер) деген ырды залда отурган күйөрмандары менен чогуу аткарды.

Светлана Дружининанын алгачкы тасмасы 1988-жылы 1-январда чыккан. Тасма Нина Сороткинанын "Трое из Навигацкой школы" (Навигацк мектебиндеги үчөө – ред.) романы боюнча тартылган. Дмитрий Харатьян тасмада негизги каармандардын бири Алеша Корсактын ролун жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0