Чек арадан товар ташыган жүк ташуучу унааларды салык жана бажы кызматтары текшерди

Жазылуу
Атайын рейд учурунда Казакстандан Кыргызстанга товар ташыган унаалардын эмне ташып баратканы боюнча тийиштүү документтери Салык жана Бажы кызматынын өкүлдөрү тарабынан текшерилди.

Бажы кызматынын борбордук көзөмөл тобунун инспектору Айбек Закировдун айтымында, алар автоунааларды Казакстан тараптан кабыл алганда бардыгын салыштырып текшеришет.

"Эгер баардыгы дал келсе кол койдуруп кабыл алып, андан ары өзүбүздүн терминалга алып келебиз. Ал жактан бардык бажы көзөмөлдөрү жасалат ", — дейт ал.

Салык кызматынын мониторинг жана анализ башкармалыгынын башкы инспектору Чыңгыз Осмоналиев айрым документтер атайлап толтурулбай турганын айтат.

"Чынында Казакстан жана башка мамлекеттерден товар ташууда такай баасы төмөндөтүлүп көрсөтүлөт. Чынында мындай баа жок", — деди Осмоналиев.

Рейд учурунда талондор туура толтурулбаган учурлар да аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0