Британиядагы ишин таштап Кыргызстанга келген мекендеш күнөскана ишин колго алды

Жазылуу
Сыргак Токталиев Британиядагы ишин таштап Кыргызстанга келгенине өкүнбөйт. Ал балдарынын башка маданиятка сиңип кетишин каалаган эмес.

Сегиз жыл бою Улуу Британияда иштеген Сыргак Токталиев ал жактагы бизнесин сатып, Кыргызстанга келген. Мекендешибиз бул жактан күнөскана куруп, азыр ошону иштетип жатат.

Учурда ал Чүй облусунун Дружба айылында кабачок менен корей капустасын өстүрүүдө. Токталиев күнөскананын жанына коюлган контейнерде жашап, жумасына бир жолу үй-бүлөсүнө барып сагынычын жазып турат.

Кадамжайда өскөн банан, зайтун жана пальма. Гүлдү сүйгөн Арап багбан
Британиядагы кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк боюнча бизнесин сатып, андан түшкөн каражатка Италиядан жарым гектар жерге күнөскана жасаткан. Биринчи жылы бадыраң өстүргөн. Бирок, багбанчылыктын сырын жакшы билбегендиктен, киреше түшкөн эмес. Ал багбанчылыктын сырларын учурда да үйрөнүп жатканын айтат. Быйыл буюрса, киреше табам деп турган чагы.

Киреше түшпөгөнүнө карабай, күнөсканада иштеген беш жумушчу айлык акысын өз маалында алып турат. 

Башкалар менен тажрыйба бөлүшүп, ишти жолго коюу үчүн Токталиев башка ишкерлер менен биргеликте күнөсканачылар ассоциациясын ачууга ниеттенип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0