Көчөдөн карылар үйүнө жайгашкан Николай карыя: үй-бүлө курсам дейм

Жазылуу
Көчөдө калган жеринен Бишкектин тургуну Виолетта Наумкина үйүнө киргизип алган Николай Зуев үй-бүлө куруу ниети бар. Өткөн аптада аны карылар үйүнө жайгаштырышты. Эми анын тааныш-билиши көп, анын үстүнө көбү — айымдар.

Бишкектин тургуну көзү азиз селсякты үйүнө батырып алды
63 жаштагы үй-жайсыз калган азиз Николай Зуев жакында эле жайгашкан карылар үйүнөн түгөйүн табууга белсенип жатат.

Буга чейин Зуев бетон плиталарынан жасалган "чатырда" беш жыл бою күн көрүп келген. Өткөн аптада аны Виолетта Наумкина аттуу Бишкектин тургуну үйүнө убактылуу киргизип алган. Карыяны жуунтуп-тазалантып, ооруканада текшерүүдөн өткөрүп, Бишкек шаардык социалдык карылар үйүнө жайгаштырган. 

"Көрүүм калыбына келсе, ушул жерден түгөйүмдү таап үй-бүлө курсамбы деген тилегим бар", — дейт пенсионер.

Өспүрүм: таштанды тергенде мурда жүрөгүм айланчу, азыр көнүп калдым
Наумкина карыяга операция жасатууга даярданып жаткан. Бирок акыркы жолу көрүнгөн дарыгер мындай операция чет өлкөдө гана жасаларын айтышкан. 

Зуевдин айтымында, анын көзүнөн афган согушу маалында снаряддын жарылуусунан улам көрбөй калган. 

Карыянын жубайы, бир кызы болгон. Бирок алар менен байланышы үзүлгөнүнө бир топ жыл болуп калды. Учурда алар Россияда жашашы мүмкүн деген божомол бар. Наумкина аларды Россиянын "Пусть говорят" жана "Жди меня" телеберүүлөрү аркылуу табууга аракет кылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0