Мэр менен депутат жаакташа кетип, бири-бирине сөөмөй кезеп, сотко беришмей болду

Жазылуу
Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясында шаар мэри Салайдин Авазов менен КСДП фракциясынын депутаты Тилек Акамбаев жаакташа кетти. Кайым айтышуу Жалал-Абад шаарынын 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышын карап жатканда жаралды.

Мэрдин аракетине ыразы болбогон депутат аны сынга алып, так отчетун бере албай жаткандыгын айтты.

"Асфальттын өзүнүн баасы канча экендигин, шаарга кандай пайда болгондугун бизге так айтып беришиңиз керек эле. Сиз кайра директорудон сурайсыз да", — деди Акамбаев.

Буга жооп кылган калаа башчысы Авазов 2014-жылы мэрлик кызматта болбогондугун, анын "бузукулук кылбай отурушун" айтты.

"Мен 2014-жылы мэрлик кызматта иштеген эмесмин. А сиз элге туура эмес маалымат берип жатасыз", — деди.

Бир нече мүнөткө созулган кайым айтышууда депутат менен мэр бири-бирин сотко берерин айтып, бири-бирине сөөмөй кезешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0