Тоодо лыжа тепкен наристелер — лыжа тебүүгө баланы 4 жашынан баштап үйрөтүүгө болот

Жазылуу
Өспүрүмдөр лыжа тебүү өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ал эми, ата-энелери балдарды кантип лыжага үйрөтсө болоорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине айтып беришти.

Кардын аздыгына карабастан быйылкы тоо лыжа убагы өз табында. Кышкы лыжа жана сноубордду чоңдор эле эмес, балакайлар да өздөштүрүүдө.

Беш жаштагы Артем Малышев кичинекей кезинен эле лыжа тепкенди үйрөнүп, учурда тоо боорунан өзү жалгыз түшө алат. 

"Алгач мени чоң атам баштык менен жонуна отургузуп алып экөөбүз чогуу лыжа тепчүбүз. Эки жарым жашка чыгып калганда өз алдымча тепкенди үйрөндүм. Азыр болсо жалгыз эле эң опурталдуу деп эсептелген трассалардан тебе алам", — дейт Малышев.

Артем жайында кыштын келишин чыдамсыздык менен күтөрүн айтты. Ал келечекте спортсмен болгусу келет.

Владислав Сибагатули 30 жылдык тажрыйбасы менен үчкө чыккан Аленаны бир жаштан бери лыжага тургузуп, үйрөтүп келет. 

"Алена өз алдынча үйрөнө электигине байланыштуу, экөөлөп тээп жатабыз. Мен кызымды баштыкка салып алып ылдамдыкка көндүрүп жатам. Алена төмөнгө түшүп жаткан учурубузда абдан кубанат, кээде ырдаса, кээде уктап кетет", — деди Сибагатули.

Анын айтымында, лыжа тебүүгө жаш балдарды төрт жаштан баштап үйрөтүү зарыл. Ага чейин акырындап ылдамдыкка көндүрүү керек.

Кыргызстандын тоо-лыжа базалары тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0