Тажикистандык режиссер уулуна татыктуу билим берүү үчүн Бишкекте кароолчу болуп иштейт

Жазылуу
Тажикистандык Самат Көчөров уулун окутуу үчүн Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн биринде короо кайтарып, акча табат.

Көчөров 68 жашта, улуту — кыргыз, кесиби боюнча кинорежиссер жана кинотехник. Ал советтер союзу учурунда совхоздорду кыдырып, 12 жыл бою кино коюп эмгектениптир. 

"Дүйшөнбүдө режиссерлордун жана киномеханиктердин окуу жайын бүтүрдүм. Аны менен бирге айдоочулукту да үйрөнүп, машинага киноаппаратураны жүктөп алып, беш совхозду кыдырып, индиянын кинолорун койчумун", — дейт ал. 

Ал көпкө балалуу боло албай жүрүп, жашы бир топко келгенде үчүнчү аялынан бир уул, бир кыздуу болот. Кызы өз алдынча түтүн булатып кетип, Көчөров жубайы экөө студент баласынын артынан Бишкеке келишкен. 

"Уулум Кой-Таш тараптагы университетте теология факультетинде окуйт. Уулумду жалгыз таштабайлы деп, артынан келдик. Ушинтип короо кайтарып, акча таап үй-бүлөмдү багам. Беш миң сом пенсия алам. 11 миң сом айлыгым бар. Акча таап жакында уулумду үйлөдүм", — дейт ал. 

Композитор жана акын Бишкекте кайыр сурап турат
Тажикистандын жараны шаарга келгенден бери эле короо кайтарып иштейт. Жубайы ошол үйдүн короосун шыпырса, өзү машиналарды корого киргизип, чыгарып турат. 

Көчөровтордун үй-бүлөсү менен кошо Тажикистандан дагы эки үй-бүлө келген. Алар да Бишкекте билим алган студент балдарынын артынан келишкен. Учурда алардын балдары окуусун бүтүрүп, Мургабга кайтышыптыр. 

Самат Көчөров да баласу окуусун аяктары менен Мургабга кайтып, мал чарбачылыгы менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0