Бул жайга күнүгө ондогон кыргызстандык келип чогу калган көмүрдү чогултуп кетишет.
Мындай отун арзан сатылып же чогултуучулардын турак-жайын жайылтууга пайдаланылат.
Үй-бүлөсүн жылытуу үчүн аталган жайга келгендердин арасынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы орус тили жана адабият мугалими болуп иштеген замандашыбызга туш болгон. Ал аты-жөнүн айтуудан баш тартып, видеого тартпоону өтүндү.
Мурунку мугалим ТЭЦ таштандысына биринчи жолу келгенин, муну менен ал үй-жайын жылыта турганын маалымдады. Андан соң бул жайга келгенинин чыныгы себебин айтты.
"Үй-бүлөнү багыш керек да. Жубайым, төрт балам бар", — деди ал.
Күлкесек жайы тууралуу мугалим коңшу-колоңунан укканын белгиледи. Анын айтымында, таштанды арасынан табылган отундун бир кабы 50-80 сом турса, кадимки көмүрдүн баасы борбор калаада 300 сомдон сатылууда.
Маектеш түтүктөр аркылуу келген күлкесек жылуу болорун, бул базарда туруп тоңгуча ыңгайлуу нерсе экенин кошумчалады.
Бишкек ТЭЦинин күлкесек аймагы 90 гектар аянтты ээлейт.