Ысык-Көл: жаңы жетекчини чапан кийгизип тосуп алышып, эскисин кементай жаап узатышты

Жазылуу
Ысык-Көл дубанынын жаңы жетекчиси Аскат Акибаевди облустук администрациянын эмгек жамаатына вице-премьер Олег Панкратов тааныштырды.

"Президент менен премьерге бул кызматка ишеним көрсөткөндүгүнө ыразычылык билдирем. 2016-жылда алдыда чоң иштер турат, биргелешип иштешсек, Кудай буюрса, жакшы ийгиликтерге жетебиз", — деди Акибаев.

Ал эми облустун экс-жетекчиси Эмил Каптагаевге ыраазычылык билдирип, анын менен кийин да кеңешип турарын айтты. 

"Эмил Саламатовичге чоң ыраазычылык айтабыз. Жетекчиликке оор убакта дайындалган. Өзүнүн принципиалдуулугу менен аймакты стабилдүүлүккө алып келди", — деди Акибаев.

Аскат Акибаев 1969-жылы 27-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Кайырма-Арык айылында туулган. Буга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес. Үй-бүлөлүү, төрт баласы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0