01:24 22 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Видео

Көз жаш, жокчулук. Энеси Екатеринбургда жоголгон кичинекей кызы жөнүндө айтып берди

Кыскача шилтеме алуу
13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө (10)
290442
Талгат Бакиев

Екатеринбург шаарында бала багып жүрүп жоголуп кеткен 13 жаштагы Айганыш Канат кызынын энеси Анара Молдобазарова боор этинен чыккан баласын айласыздан акча табууга жибергенин айтып берди.

Аялдын айтымында, кызын "кыйналгандан улам" бала баккыч кылып жөнөткөн. Тагыраагы кредит алып, анысын төлөө кыйындагандан кийин мындай кадамга барган. 

"Кошуналарым бала карап берсин, жок дегенде ушул колунан келеттир деп Россиядан чалды. Алар айына акча төлөп турарын айтышты. Башка айлам жок эле, аргасыздан жөнөттүм. Үйдө үч балам бар, багып, кийинтип-ичинтишим керек. Антпесем, жашоо токтоп калчудай. Күйөөм камалып кеткен", — деди Молдобазарова.

Ал 13 жаштагы кызын айылдашы бала каратуу үчүн алып кеткендигин айтты.

Учурда Молдобазарова Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында колунда кичинекей эки баласы, бир өспүрүм кызы менен күн кечирип келет. Учурда айына 5100 сомдон кредит төлөйт. 

Айганыштын көзүн жалжылдатып ыйлаган сиңдиси Мадина эжесин сагынып жаткандыгын айтты.

Ал эми кыздын таенеси Зууракан Алайчиева көргөн-билгендер болсо, небересинин дайын-дарегин кабарлап коюусун өтүнүп, көз жашын төктү.

Тема:
13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө (10)

Тема боюнча

Россиядан жоголгон улан Кыргызстандан табылды
Жоголуп кетти делген төрт жашар Актан Бишкектин четиндеги айылдан табылды
Белгилер:
жоголуу, кредит, Өзгөн, Екатеринбург

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ