Соттон спортчу Руслан Түмөнбаевди милициянын атайын автоунаасы менен алып кетишти

Жазылуу
Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Руслан Түмөнбаевди Октябрь райондук соту тергөө аяктаганга чейин Бишкек шаарынан сыртка чыкпоого өкүм чыгарды.

Кыргызстандагы белгилүү спортчулардын жаңжал коштогон жоруктары
Шаардык милиция Түмөнбаев 21-январдын түн ичинде мас болуп инспекторлорго кармалып, унаасын айып короого токтоткондугу үчүн аларды тапанча менен коркутканын маалымдаган. Мындан улам спортчуга кылмыш иши козголгон.

Республикалык наркология борбору 29 жаштагы белгилүү спортчунун мас экендигин аныктаган.

Бул фактылар боюнча Октябрь райондук ИИБ тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин "Газ куралын мыйзамсыз алып жүрүү, сатуу, сактоо" жана "Бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0