Көз боемочу Сафин тоту куш менен жасаган трюктарын көрсөттү

Жазылуу
Белгилүү кыргызстандык көз боемочу Радислав Сафин учурда кичинекей тоту куштарды колго үйрөтүп, алар менен трюктарды даярдап жатканын айтып берди. Анын пикиринде, аталган куш абдан сезимтал келип, өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.

Радислав Сафин өнөктөшү Ольга Кример менен эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстандын желегин желбиретип келишет. Белгилүү фокустарды майын чыгара аткарып оозго алынган иллюзионист учурда кичинекей тоту куштар менен алектенип жатканын белгиледи.

Юджи атка ээ болгон тоту куш ар кандай трюктарды аткарып, өз атын айта алат. Ушу тапта трюктарды жогорку деңгээлде аткаруу үчүн чоң даярдыктар көрүлүп жатат. Сафин аталган куш абдан сезимтал келип, өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0