16:26 04 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Видео

Битломания күнүнө карата The Beatles тобунун ырын кыргызча аткарышты

Кыскача шилтеме алуу
28030
© Sputnik / Эркин Алымбеков

16-январды музыка сүйүүчүлөр "Битлз" тобунун эл аралык күнү деп белгилеп келишет. Дал ушул күнү 1957-жылы Ливерпулда The Cavern клубунун ачылышы болгон. Ал жерде легендарлуу топ тушоосун кескен.

Бишкектин The Rolls Band тобу The Beatles тобунун эл аралык күнүнө карата And I love her ырын кыргызча аткарып беришти.

Кыргызстандык музыканттар "Студио 247" кафесинде ырдашты.

1957-жылы 16-январда Ливерпулдун Мэтью-стрит 10 дарегинде The Cavern ачылып, Жон Леннон, Пол Маккартни жана Жордж Харрисондун тушоосу кесилген. Учурда Мэтью-стрит "Битлз" тобунун күйөрмандары үчүн ыйык жер болуп саналат. Бул жерге Жон Леннондун айкели коюлуп, атактуу топко арналып дүкөн ачылган.

The Beatles тобу 1960-жылы негизделип, анын катарына Жон Леннон, Пол Маккартни, Жордж Харрисон жана Ринго Старр кирген. Атактуу топтун 1963-1970-жылдары 13 расмий студиялык альбому чыгып, анда жалпысынан 211 ыр жазылган.

"And I Love Her" ырын Маккартни менен Леннон жазган. Бул ыр Маккартнинин ошол убактыгы сүйүктүүсү актриса Жейн Эшерге арналган. Аталган чыгарма Billboard музыкалык хит-парадында биринчиликти бир нече жолу бербей турган.

Кыргызстандын The Rolls Band тобунун курамында Улан Оморов (вокал), Эрсултан Алыкулов (вокал, бас-гитара), Данияр Жуманазаров (вокал, гитара), Дмитрий Соседов (урма аспап). Топ 2010-жылы түзүлгөн. 2012-жылы The Beatles Bishkek фестивалынын жеңүүчүсү аталган.

Тема боюнча

Белоруссиялык ырчы "Кыргыз жери" ырын кыргызча созуп берди
Кыргызча катыра сүйлөгөн чет элдиктер
Белгилер:
ырчы, "And I Love Her" ыры, The Beatles, The Rolls Band, Жон Леннон

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ