Көчөдө бараткандарга суу чачып, жарандардын сынына кабылган Азамат кечирим сурады

Жазылуу
Терезеси караңгылатылган машинага түшүп алып, көчөдө бараткан кишилерге суу чачкан видеодогу Азамат элден кечирим сурады.

Чемичке кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чемичке чагып сейил бакты кирдеткен кыз кандайча жек көрүндүгө айланды?
Буга чейин милиция шаар тургундарына суу чачып, алардын тынчын алган жаранды издөөгө алган. Ыкчам иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө ал жаран милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Өзүн Азамат деп тааныштырган 21 жаштагы бала социалдык тармактарга сүрөттөр менен видеолорду жаман ой менен жайгаштырбаганын айтты. Ошондой социалдык тармактардын бирине жайгаштырган сүрөттөрдөгү тапанча жөн гана сүрөт экенин белгиледи.

"Травматикалык тапанча болушу мүмкүн деп жатышкан сүрөттү мен интернеттен эле көчүрүп алгам… "Azamat" мамлекеттик номер жасалма болчу. Калган номерлерди фотошоп менен жасап алгам", — деди ал.

Интернеттеги "тентек" жасалма номерлерди милицияга өткөрүп бергенин айтты. 

Бишкек ШИИБдин Жол кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн башчысы Ажыбек Майназаров аталган жаран кылмыш иликтөө бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан кармалганын билдирди.

"Бул жаранга машинасынын терезесин караңгылатып алганы үчүн эки миң сом айып салынып, автоунаасы айып короого токтотулду", — дейт ал.

Интернет колдонуучулардын сынына кабылган Азамат аттуу жаран шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0