Рыспай Абдыкадыровдун кызы Сюита: атамдын кызы болуу чоң бакыт жана жоопкерчилик

Жазылуу
Ош шаарында композитор жана ырчы Рыспай Абдыкадыровду эскеришти. Анын ысымын алып жүргөн облустук филармониядагы иш-чарага шаардык жана облустук бийликтин өкүлдөрү, композитордун замандаштары жана анын кызы Сюита Абдыкадырова да катышты.

Ал Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине атасы жана анын чыгармачылыгы, атасынын элесин сактоо вазийпасы туурасында айтып берди.

"Мындай адамдын кызы болуу бир жагынан эбегейсиз чоң бакыт, экинчи жагынан өтө чоң жоопкерчилик. Кээде күчүм жетпей кетсе да, улуу генийдин элесин сактап, желегин андан ары көтөрүп жүрүүгө аракеттенип келем", — деди Сюита. 

Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. 1994-жылы 12-сентябрда оорудан улам көз жумган.

Ал "Сагынуу", "Издейм сени","Алмашым", "Кымбатым", "Биз экөөбүз", "Жүрөк вальсы" сыяктуу жыйырмадан ашуун обондуу ырлардын автору.

Жаңылыктар түрмөгү
0