Бишкектеги Жеңиш аянты акча жыйнаган автоунаа токтотуучу жайга айланды

Жазылуу
Бишкектеги автоунаа токтотуучу жайлардан акы алынбай тургандыгына карабастан, борбор калаанын чок ортосунан мындай көрүнүштү байкоого болот. Автоунаалар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун жаркын элесине арналып салынган Жеңиш аянтына токтотулууда.

Бишкектин борборундагы Жеңиш аянтында акча алынуучу автоунаа токтотуучу жай пайда болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Жеңиш аянты автоунааларга толду. Ал жерге "токтотулган" машиналар үчүн акча алынууда. Акча чогултуп жүргөн кишилер аянттын жанындагы соода борборунун күзөтчүлөрү деп өздөрүнүн тааныштырууда.

"Биз машинаңызды караган үчүн акча алабыз", — дейт күзөтчүлөрдүн бири.

Алар бул "кызматы" үчүн эч кандай кагаз же чек беришпейт.

2014-жылы февралда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун буйругу менен автоунаа токтотулуучу муниципалдык автокороолордон акча чогултууга тыюу салынган. Шаар башчысы соода борборлорунун алдындагы автоунаа токтотуучу жайлардагы бекер болорун баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0