Кабель, оңдоо иштери жана энергетиктерге алкыш. Сариев Токтогул ГЭСинде

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Токтогул ГЭСинин иши жана авариядан улам жарактан чыккан жабдыктарды оңдоонун жүрүшү менен таанышты. Ал өлкɵнүн жалпы ГЭСтерин баскыч-баскычы менен реконструкциялоодон ɵткɵрүү зарылдыгын айтты.

Премьер учурда энергетиктер күнү-түнү авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын жана реконструкция иштерин тездетүү зарылдыгын белгиледи. 

"Үстүбүздɵгү жылдын 15-январына чейинки мɵɵнɵттɵ оңдоо иштерин жыйынтыктоого ниеттенип жаткан энергетиктерге ыраазычылык билдиргим келет. Ал үчүн зарыл тектиктердин бардыгы бар, каржы, жабдыктар жана жогорку деңгээлдеги адистер жетиштүү. Реконструкцияны тездетиш керек, бардык күчтү жумшайлы, өзүңөрдүн күчүңөр жетпесе, өкмөттүн деңгээлине чыгаргыла. Эл аралык каржылык уюмдар менен сүйлөшөлү", — деди Сариев.

Премьер Токтогул ГЭСиндеги авария республиканын аймагындагы ГЭСтердин жабдууларын модернизациялоого учур келип жеткендигинен дагы бир ирет кабар берерин айтты.

Өкмөт башчысы Сариев энергетиктерге комиссия түзүп, жалпы ГЭСтердин техникалык абалын комплекстүү иликтеп чыгууну, тийиштүү учурда аларды баскыч-баскычы менен реконструкциялоодон ɵткɵрүү планын бекитүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0