Бала бакчаны жетектөөдөн намыстанбай, андан сыймыктанган Эмилбек Абдубалиев

Жазылуу
Баткен облусунун Зар-таш айылында мектептин каралбай калган имараты оңдолуп, балдар үчүн бакча ачылды. Жергиликтүү тургун Эмилбек Абдубалиев оңдоо иштерин уюштуруп, жаш муунду тарбиялоону да колго алды.

Бала бакчадагы балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү ишкерлердин колдоосу менен Базар-Коргондо эки бала бакча ишке кирди
Эмилбек Абдубалиев жогорку окуу жайды аяктап Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде иштечү. Быйыл туулуп өскөн Зар-Таш айылына келип, демилге көтөрүп айылдагы каралбай калган мектептин имаратын оңдоп-түзөп бала бакча ачкан. Бүгүнкү күндө бул жакта 50 бала эки мөөнөт менен тарбия алат. Балдар тарбия алуу менен бирге окуганды, жазганды да үйрөнүшөт, 

Абдубалиев педагок болгондуктан бала бакчаны өзү жетектеп тарбия берүүнүн жаңы методикаларын киргизген. Ал "Чоң эненин жомогу" жана "Аталар цексиясы" долбоорлору. Мындай ыкма менен балдарды тарбиялоого ата-энелерди катыштырып, алардын ортосундагы мамилени жакшыртууга аракет кылууда. 

Эмил Абдубалиевдин аракеттерин айылдын тургундары да баалашып, терең ыраазычылыгын билдиришүүдө.

Жергиликтүү мектептин мугалими Бактыкан Курманбаева бала бакчанын ачылышын айылдын эли абдан күткөнүн айтат.

"Бала бакча оңдолуп баштагандан тарта баарыбыз эле качан ачылат экен деп күтүп жаттык. Буюрса неберелерибиз барып тарбия алууда. Эмилдин жаңы ыкмалар менен балдарды тарбиялаганы аябай жакты. Ал "Чоң эненин жомогу" жана аталар секциясын ачып жатат", — деди ал.

Эмилбека Абдубалиева бала бакчаны жетектеген республикадагы жалгыз эркек. Ал буга намыстанбай, тескерисинче сыймыктанарын айтат.

"Бала бакчаларды аял кишилер көп жетектейт. Бирок, мен бала бакчаны жетектегенден намыстанбай, тескерисинче жаш муундардын татыктуу тарбия алышына кошуп жаткан салымым үчүн сыймыктанам", — дейт ал.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында 1544 бала бакча болсо, алардын 930у гана өз максатында колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0