Сурап алар эч кими жок 97 жаштагы пенсионер 20 жылдан бери Жаңы жылды жалгыз тосот

Жазылуу
Жүзгө чыгайын деп калган пенсионер жаңы жылдык дасторконду көптөн бери жасабай калган. Биринчиден ал пенсиясын үнөмдөсө, экинчиден майрамдык маанайды бөлүшө турчу эч кими жок.

Бишкекте жашаган Анна Домнышева жаңы жылды жыйырма жылдан бери жалгыз тосот. Ал бул тууралуу Sputnik маалымат агенттигинин кабарчысына билдирди.

Домнышева ден соолугунан улам бала төрөй албаганын кошумчалады. 

"Согуш жылдарында аябай ачкачылык болду. Балким ошонун кесели тийди окшойт", — деди ал.

Байтик айылындагы 62 жаштагы карыя төрт небересинен ажыратылды
Анын күйөөсү Казакстанда жашап жүргөндө каза болгон. Кыргызстанга Домнышева 1967-жылы келген.

Кесиби боюнча дарыгер. Бишкек шаары Фрунзе кезинде республикалык тери оорулары диспенсеринде көп жылдар бою эмгектенген. 

Учурда ал 97 жашта. Ал быйылкы жаңы жылды да ушуну менен жыйырманчы жолу жалгыз тосот.

Жаңылыктар түрмөгү
0