Сариев тоодон лыжа тээп түштү

Жазылуу
Өкмөт башчы Темир Сариев Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Чуңкурчак капчыгайындагы тоо лыжа базасынын канаттык жолунун ачылышына катышты.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, премьер-министр мындай базалардын маанилүүлүгүн белгиледи.

Сариев өлкөдө спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгилеп, өкмөт бул үчүн бардык аракетин жумшап жатканын айтты.

"Бул база 1500дөн 1800гө чейинки кардарды тейлөөгө мүмкүнчүлүгү жетет. Биз мындан ары да спорт менен массалык түрдө машыгууга бардык шарттарды түзүп, мындай базаларды көбөйтүүгө күч жумшашыбыз керек", — деди премьер-министр.

Өкмөт башчы бардык жарандарды спорт менен машыгууга, саламаттык чыңдоого көңүл бурууга чакырды. Сөз сүйлөгөндөн кийин Сариев лыжа тээп тоодон түштү.

Кыргызстандын тоо-лыжа базалары жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0