КР сулуусу "Кыргыз бийин" катыра бийлеп, "Miss World—2015" сынагынын мыктыларына кирди

Жазылуу
Хайнань аралындагы (Кытай) Санья шаарында өтүп жаткан "Miss World—2015" сулуулук конкурсунда Таттыбүбү Самидин кызы "Таланттар шоусу" конкурсунун жыйынтыгында дүйнөнүн чар табарынан келген 117 сулуунун ичинен топ-15ке киргенин айтып берди.

Ал Beauty Crown Grand Theatre имаратынын чоң залында "Кыргыз бий" музыкасына катыра бийлеп бергенин белгиледи.

"Мени көрүүчүлөр алкап турушту. Кийин бизге Кыргызстан эң мыкты ондукка киргенин маалымдашып, финалдык конкурска катыша турганыбызды айтышты", — деди ал.

Былтыркы "Miss World—2014" сулуулук конкурсунда 121 кыз күч сынашкна. Таажыны Түштүк Африкадан келген Ролин Страусс алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0