17:45 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Видео

Бир сааттык "коопсуз шаар" — бюджет канча сомдон куру жалак калып жатканын видео көрсөттү

Кыскача шилтеме алуу
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)
28711
© Sputnik / Эркин Алымбеков

"Коопсуз шаар" долбоору бир гана саат иштегенде мамлекеттик бюджетке 46 миң сом түшмөк.

Sputnik агенттиги Бишкек шаарынын Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинен "Бир сааттык коопсуз шаар" эксперименти маалында 46 жол эрежесин бузууну каттаган.

Видеодон байкалгандай экинчи тилкеден бурулган 44 учур жана кызыл жарыктан өтүп кеткен эки учур байкалган.

Бишкек шаардык ИИББдин Жол кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева билдиргендей, бүгүнкү күнү экинчи тилкеден бурулганы үчүн 1000 сом айып салынат. Кызыл жарыкка токтобой өтүп кеткен айдоочуга да миң сом айып каралган.

Андыктан эгер "Коопсуз шаар" долбоору бир гана саат иштегенде мамлекеттик бюджетке жок дегенде 46 миң сом түшмөк. Ошол эле учурда линиядан өтүп токтогондор эске алынган эмес.

Эксперимент саат 16.00дөн 17.00гө чейин тартылган. Бул убакыт машиналар эң көп болгон учур деп саналбайт. Жол кайгуул кызматынын билдиришинче, шаарда машина эң көп болгон учур саат 17.00дөн баштап кечки сегизге чейин уланат.

Буга чейин маалымдалгандай "Коопсуз шаар" долбоору мамлекеттик жана жеке өнөктөштүктүн алкаганда үч жыл ичинде Бишкек жана Ош шаарларында, Бишкек – Каракол жана Бишкек – "Манас" аэропорту жолдорунда ишке ашмак. Видеобайкоо бир гана көчөлөрдө эмес, парктарда жана эс алуу жайларына да орнотулмак.

Мобилдүү байкагычтар күзөттө турган автоунааларда орнотулат. Ал эми стационардык комплекстер жол боюна атайын орноткучтарга коюлат. Андан алынган маалыматтардын негизинде жол эрежесин бузган автоунаага автоматтык түрдө айып салынып, анын көчүрмөсү автоунаанын ээсине жөнөтүлөт.

Тема:
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)

Тема боюнча

Депутаттар: "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өкмөт менен ИИМдин пикири бир болуш керек
Белгилер:
камера, айып пул, Жол кайгуул кызматы, Зумрад Жанабаева, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ