Балыкчылык кызга Путин белек кылган күчүк кандай чоңоюуда?

Жазылуу
Балыкчыда жашаган Даша Яицкая сүйүктүү күчүгү менен күн сайын сейилдейт. Ага азыр тогуз ай толду.

Кыздын айтымында, анын кыялы орундалган. Ал эми классташтары орус президенти тарабынан белек кылынган күчүктү көрүп абдан суктанышкан.

"Күчүк кишиге абдан жакын, коңшулардын иттери менен да ойнойт", — дейт ал.

Балыкчылык окуучу Путинден белекке күчүк алды
Бешинчи класста окуган Дашанын апасы Владимир Путин белек кылган күчүк ойногонду абдан жактырарын айтат. Күчүккө Макс деп ысым беришкен. Аны Россиянын элчилиги Казакстандан алып келген. Кыз аны Дар деп атоону кааласа да, ит бул атка такыр көнбөй койгондуктан мурдагы атын калтырууну чечишкен.

2015-жылы июль айында Россиянын президенти Владимир Путин 10 жаштагы Даша Яицкаяга ньюфаундленд породасындагы күчүктү белекке берген. Май айында Даша кандай белек алгысы келерин айтып кат жазган. Июль айынын аягында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько күчүктү алып келип Дашага тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0