Премьер балдардын жүзүнөн сүйүп, Айлиндин ата-энесине үйдүн ачкычын тапшырды

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Ош шаарында Кыргызстандын алты миллионунчу жараны Айлиндин ата-энесине квартиранын ачкычын тапшырды.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Айлиндин атына миллион сомго депозиттик эсеп ачып жана үй бөлүп берүүнү тапшырган. 

Сариев Алмазбек Кожошевдердин үй-бүлөсүнө төрт бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырып жатып, бөбөккө чың ден соолук, узун өмүр каалады. 

"Бүгүн төрт бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырып жатабыз. Кичинекей Айлин келечеги кең, бактылуу бөбөк болуп чоңойсун. Ал эми өлкөдө тынчтык жана туруктуулук орносун", — деди Сариев.

Алты миллионунчу кыргызстандык жаран 26-ноябрда Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде жарыкка келген. Бөбөккө ата-энеси Айлин деп ат коюшту.

Жаңылыктар түрмөгү
0