Эгиздер: бири-бирибиздин оорубузду сезебиз

Жазылуу
Эгиз кыздар буга чейин "Мыкты эгиздер" титулун да жеңип алышкан.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эгиздер Гүлнара менен Гүлзара Сулаймановалар Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде экинчи курста окуйт.

Ошто студент-эгиздер акыл-эс, билим жагынан таймашат
Окуу жайда бүгүн өткөн интеллектуалдык конкурска 20 эгиз катышты. Гүлнара менен Гүлзара буга чейин да шаардык конкурска катышып, "Мыкты эгиздер" титулун жеңип алышкан.

Алар шаардагы №7 мектепте окуган жылдарды жылмаюу менен эстешет. Кыздар абдан окшош болгондуктан көбү айырмалай албай кыйналышчу. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кимиси кайсы сабакты жакшы окуса, бири-биринин ордуна кирип экзамен да берген учурлары болгон.

"Мугалимдер ата-энебизге арызданчу. Бирок буга карабастан, биз мектепти артыкчылык менен бүтүп, өз күчүбүз менен окуу жайга өттүк. Азыр дизайнерликке окуп жатабыз. Кийинки жылы кудай буюрса, Түркиядан стажировка өтүп келүүгө аракет кылабыз", — дейт эгиздер.

Алар бири-бирин абдан жакшы түшүнүп, өзгөчө бирөөсү ооруп калганда, экинчиси кадимкидей сезип турушат.

"Биз түгөйү жок жүрө албайбыз, дайыма маанайыбызды көтөрүп, тамашалашабыз. Биздин эжебиз жана инибиз бар. Ошто чоңоюп, өстүк. Жетишкен ийгилигибизге апам дайыма сүйүнөт", — дейт эгиздер.

Эжеси үч баласы болуп алар менен чогуу жашайт. Эгиздердин атасы жана эжесинин күйөөсү Кореяда үй-бүлөсүн багуу үчүн иштеп жүрөт. 

Эгиздердин апасы Айгүл Сулайманованын айтымында, үй-бүлөдө эгиздердин төрөлүшү жакшы жышаан, бул Кудайдын берген белеги.

"Мен кыздарым менен сыймыктанам. Бул менин жашоодон алган эң чоң белегим жана жетишкендигим. Улуу кызым турмушка чыгып, үч баласын тарбиялап жатат. Эгиз кыздарым университетте жакшы окуп, түрдүү конкурстарда ийгиликке жетүүдө. Уулум жакшы окуганга аракет кылып, мектепте бейбаш эмес. Азыр ал биздин үйдөгү жалгыз эркек, андыктан жоопкерчилигин сезет", — деди терине батпай кубанган апасы Сулайманова.

Кыздарымдын атасы алардын жараткан ийгиликтеринен кабардар дейт эгиздердин апасы. Сулайманова эгиз кыздарынын жетишкен ийгиликтери менен сыймыктанып, турмушта аларды дайыма ийгилик коштоп жүрүшүн тилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0