Cүйүнчү — Сариев өлкө башчысын алты миллионунчу жарандын төрөлгөнү менен куттуктады

Жазылуу
Бейшемби күнү Темир Сариев Алмазбек Атамбаев жолугушуп, мамлекет башчысына Кыргызстанда алты миллионунчу жаран төрөлгөнүн маалымдады.

Сариевдин айтымында, 25-ноябрда кечки саат алтыдан 26-ноябрдын таңкы саат алтыга чейинки аралыкта өлкө боюнча 122 ымыркай жарык дүйнөгөн келген.

"Көпчүлүк күткөн алты миллионунчу жаран болуп кыз төрөлдү. Ал Ош шаарында саат 18.12да аскер адамы Алмаз Кожошевдин үй-бүлөсүндө төрөлдү. Кыздын энеси Рахат Белекова өзүн жакшы сезип жатат. Ымыркай 3 килограмм 870 грамм салмак менен төрөлдү", — деди Сариев.

Бактылуу эне менен алты миллионунчу кыргызстандык. Төрөт үйүнөн кадрлар
Мамлекет башчысы ымыркайдын ата-энесине куттуктоо телеграммасын жөнөтүп, Кыргызстандын элине кайрылды. Ал жарык дүйнөгө келген ымыркайга ден соолук, узак өмүр, бакубат турмуш каалады.

Атамбаев ошондой эле, алты миллионунчу жарандын үй-бүлө мүчөлөрүн эске алып турак-жай менен камсыз кылууну айтты. Андан сырткары, ымыркайга миллион сомдук депозиттик эсеп ачууну буйруп, алты миллионунчу ымыркай менен чогуу төрөлгөн 10 баланын үй-бүлөсүнө да жүз миң сомдон бөлүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0