15:49 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7558
  • RUB1.1033
Видео

Мушташ, ызы-чуу жана милиция — цирк жатаканасынан жашоочуларды чыгаруу

Кыскача шилтеме алуу
137921
© Sputnik /

Бийликтин цирк жатаканасынан жашоочуларды чыгаруу аракеттеринин натыйжасында 11 жашар тестиер кыз мээси чайкалып ооруканага түштү.

Мамлекеттик цирктин жатакана имаратынан тургундарды чыгаруу учурунда 11 жашар кыз жабыр тартканын жашоочулар билдирди.

Бейшемби күнү эртең менен сот аткаруучулар Свердлов райондук соттун чечимине ылайык, циркке тиешелүү жатаканадан бир катар үй-бүлөлөрдү чыгарууга ниеттенди.

Жабыркаган кыз тууралуу маалыматты шаардык "тез жардам" кызматы да тастыктады. Алдын ала маалымат боюнча, кыздын мээси чайкалган, ал №3 балдар ооруканасына жаткырылды.

Күбөлөрдүн айтымында, "милиция формасын кийип тургандардын бири жатаканада жашаган кызды башка тээп жиберген".

Бишкек ШИИБ кызматкеринин кызды тепти деген маалыматты четке кагууда.

"Милиция кызматкерлери сот аткаруучулар иштеп жаткан маалда, болгону, коомдук тартипке көз салып турушкан. Алар имараттын ичине кирген эмес", — дейт шаардык ИИБ маалымат кызматы. 

Милиция сот аткаруучулар үчүн жол бошотуп берүү милдетин аркалаган.

Тема боюнча

Ошто бейтаптан пара алып жаткан ак халатчан кармалды
Белгилер:
цирк, жатакана, имарат, оорукана, сот

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ