/i/logo-itemprop.png
https://sputnik.kg/video/20151125/1020404135.html
"Мас айдоочу" – Бишкектеги социалдык эксперимент
Мени машинага отургузуп койгулачы деп башкаларга кайрылган "мас" айдоочуга шаардыктар кандай карашат?
https://nfw.ria.ru/flv/file.aspx?nolog=1&ID=86770961&type=mp4
/i/thumbnail/background_16x9.jpg
/i/thumbnail/background_4x3.jpg
/i/thumbnail/background_1x1.jpg
PT2M56S
2015-11-25T19:25Z
Мени машинага отургузуп койгулачы деп башкаларга кайрылган "мас" айдоочуга шаардыктар кандай карашат?
Бишкекте "Мас айдоочу" аттуу социалдык эксперимент жүргүздүк.
©
Sputnik / Эркин Алымбеков
Сценарий боюнча, мас абалындагы жигит машинасына отурууга аракет кылат. Ошол эле учурда ал колундагы "арактан" кулкулдатып жутуп турмак.
Биздин актер ары-бери өткөндөргө машинанын эшигин ачып берип койгула деп кайрылды.
Социалдык экспериментке туш болгон 20 кишинин тогузу "мас" айдоочуну рулга отурбай эле кой деп көндүрсө, сегизөө кайдыгер карап өтүп кеткен. Эки киши эч нерсе дебестен машинасынын эшигин ачып берсе, бир киши өз машинасы менен үйүнө жеткирип коюуну сунуштады.
Эксперимент учурунда актер бир грамм да арак ичкен жок. Ал эми бөтөлкөдө болгону таза суу бар болчу.