Кулчулукта жүргөн кыргызстандыктарды бошотуу үчүн РФтин ӨКМ кызматкерлери эшикти сындырды

Жазылуу
Полиция кызматкерлери Ковров шаарындагы тигүү цехтердин биринде мажбурлоо аркылуу иштеп жүргөн кыргызстандыктарды аныктаганын КРдин Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.

Жумушчулар Владимир облусундагы цехтердин биринде камалып келишкен. Элчиликтин суранычы менен 15тей полиция жана РФ ӨКМдин кызматкерлери чара көрүштү.

"ӨКМдин кызматкерлери зооттолгон эшикти сындырып кирип, ичинен 17 кыргызстандык кыз-келиндерди табышты", — деди Кулукеева.

Россиянын Ковров шаарында кулчулукта жүргөн 17 кыргызстандык бошотулду
Алдын ала маалыматтар боюнча, Чыныгүл деп өзүн тааныштырган КР жараны 14 кишиден турган топту тандап, аларды Бишкектен Ковров шаарына алдап келип турганын Кулукеева кошумчалады.

Тигүү цехиндеги жумуш үчүн аларга айына 80-90 миң рубль төлөйбүз деп ишендиришкен. Текшерүү учурунда аныкталгандай, цехтин администратору Чыныгүл кыз-келиндердин паспортторун чогултуп алып, жасалма эмгек келишимин даярдаган. Андан сырткары, жумушчулардын ар биринен салык үчүн деп 5 миң рублдан алып турган.

Аталган факт боюнча териштирүү иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0