Кыргызстандык мушкер ММА боюнча дүйнө чемпионунун эсин оодара чапты

Жазылуу
ММА боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык Мыктыбек Мамасалиев учурдагы чемпион молдовалык Зубко Драгосаны бир мүнөттө жыга чаап жеңишке жетишти.

ММА боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык мушкерлер үч алтын медаль тагынышты. Мелдеш 18-22-ноябрь күндөрү Кишинев шаарында (Молдова) өткөнүн "Жаш Күч" клубунун президенти Айбек Мусаев Sputnik агенттигинин кабарчысына билдирди.

"Турнирге катышкан үч кыргызстандык дүйнө чемпиону болду", — дейт Мусаев.

Анын айтымында, 86 килограмм салмакка чейинки категорияда Тилек Машрапов Азербайжандан келген мушкерди утуп алды. Ал эми 65 килограмм салмакка чейинки категорияда Бахтияр Тойчубаев азербайжандык Гюхар Салиев жеңип алган.

Ошондой эле Мыктыбек Мамасалиев учурдагы дүйнө чемпиону молдовалык Зубко Драгосаны бир мүнөттө жыга чаап ишенимдүү түрдө чемпион болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0