Малабаев: Оштогу авиакырсыкты иликтөө бир топ суроолордун түйүнүн чечет

Жазылуу
Министр учактын техникалык абалы талаптагыдай экенин, аба кемесин абдан тажрыйбалуу учкучтар башкарып келгенин, учурда кара куту чечмеленүүгө берилип, анын үстүндө жергиликтүү жана эл аралык адистер иштей турганын белгиледи.

Министр учактын техникалык абалы талаптагыдай экенин, аба кемесин абдан тажрыйбалуу учкучтар башкарып келгенин, учурда кара куту чечмеленүүгө берилип, анын үстүндө жергиликтүү жана эл аралык адистер иштей турганын белгиледи.

Ошто авариялык абалда конгон Авиатраффик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малабаев: Оштогу кырсыкка учураган учактын жүргүнчүлөрүнө компенсация төлөнөт
Ошто Боинг-737 учагы кабылган кырсыктын чоо-жайы тууралуу териштирүү аяктагандан кийин толук маалымат бериле турганын транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев маалымат жыйында билдирди.

Жекшемби күнү Ош аэропортунда болгон кырсыкты учурда премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен түзүлгөн өкмөттүк комиссия иликтеп жатат. 

Комиссиянын төрагасы Малабаев кабарчылардын кырсыкка адам факторунун таасири тууралуу суроосуна териштирүүнүн жыйынтыгы менен жооп боло турганын белгиледи.

Министр мындан тышкары, учактын техникалык абалы талаптагыдай экенин, аба кемесин абдан тажрыйбалуу учкучтар башкарып келгенин, учурда кара куту чечмеленүүгө берилип, анын үстүндө жергиликтүү жана эл аралык адистер иштей турганын, муну менен бирге бардык жүргүнчүлөргө компенсация төлөнөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0