"Жигит күчүктү сууга ыргытканы жатат" — Бишкекте өткөн соцэксперимент

Жазылуу
Бир жигит "күчүктү" сууга ыргытып өлтүрүүгө аракет кылганы боюнча социалдык экспериментте "балдар улууларга караганда боорукер" экенин көрсөттү.

Эки сааттык соцэксперименттин жүрүшүндө "күчүктү" багып алам деп өлүмдөн куткарганга эки кичине бала аракет жасады. 

"Чоң апанын дары алууга акчасы жетпей жатат" — Бишкектеги социалдык эксперимент
"Күчүктү сууга чөктүргөнү жатат" деген социалдык эксперимент Бишкекте өтүп, анын максаты шаардыктар канчалык боорукер экенин аныктоо болчу. Мыкаачынын ролун ойногон Санжар Сраждиновдун айтымында, күчүккө чоңдорго караганда кичине балдардын арасында боор ооругандар көп болду. 

Сценарий боюнча, жигит күчүктүн кыңшылаган үнү угулуп жаткан кагаз кутуну тепкилеп, телефон аркылуу кимдир бирөөнө күчүктү сууга ыргытам деп кыйкырышы керек болчу. Чынында күчүктүн үнү жаздырып алынып, ал кагаз кутунун ичине салынган колонкадан угулган. 

Эки саат ичинде "күчүктү" өлтүрөм деген аракетке жүз элүүдөй киши күбө болду. Бирок "жаныбарды кыйнап жаткан мыкаачыга" бир гана аял келип нараазылык билдирди. Дагы кичинекей эки бала күчүктү берүүсүн сурап кайрылганга батынды.

Санжар Сраждиновдун айтымында, балдардын арасында "күчүктү" коргоочулар көбүрөөк болмок. 

"Балдардын көбү менден коркуп жаныма келе алган жок деп ойлойм. Дагы жок эле дегенде эки бала мени айланчыктап бир топко акмалап турушту. Чынын айтсам, бул мага эң жагымсыз роль болду. Ошол кезде өзүмдү өзүм жек көрүп жаттым", — дейт актер. 

Ал "бала кездеги боорукерлик жаш өткөн сайын мокоп калат окшойт" деген ою менен бөлүштү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0