Кош бойлуулардан жол кире алынбайт — өз мыйзамын киргизген айдоочу Сариев

Жазылуу
Айдоочу Мирбек Сариев маршруткасына түшкөн кош бойлуу аялдардын жолдо жүрүүсүн жеңилдетип алардан жол кире албайт.

Бишкек шаарындагы №166 маршруттук таксинин айдоочусу Мирбек Сариев кош бойлуу аялдарды бекер ташыйт.

Ал болочок энелерден жол кире албай турганы жөнүндө жарыяны февраль айында илген. Ал учурда аялынын боюнда бар болчу.

Соцэксперимент: Унаасын көрүнгөн жерге токтоткондор эскертүүгө эмне деп жооп беришти?
Жубайынын кыйналганын көргөн Сариев кош бойлууларга канчалык оор экенин түшүнгөн. Андыктан өзү айдаган маршруткага түшкөн кош бойлуу аялдардан жол акысын албоону чечкен.

Анын айтымында, маршруткага бир күндө 4-5 боюнда бар келиндер түшөт.

Бишкек шаарындагы маршруткалардагы жол кире 10 сом. Ал эми кечки саат 9.00дөн баштап 12 сом болот.

Мыйзам боюнча 7 жашка чейинки балдардан, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынан, Ленинград блокадачыларынан жол кире алынбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0