Граната, автомат. 19 жаштагы баланын үйүнөн чогултулган курал-жарак табылды

Жазылуу
9-ноябрдан 10-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар Кызыл-Кыя шаарынын 54 жаштагы тургунуна таандык "Мерседес-бенц 200" үлгүсүндөгү автоунаасын көп кабаттуу үйдүн жанынан айдап кетишкен. Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 172-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.

Мылтык, тапанча жана ок — Чүй облусундагы ок-дары катылган жер
16-ноябрда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнүн Кулуштан айылынын кылмышка шектүү болгон тургуну 19 жаштагы Р.Ж. аныкталган. Аны менен бирге кылмыштуу топту түзгөн Ноокат районунун 19 жана 20 жаштагы төрт тургуну кармалып, бул боюнча оперативдик иликтөө иштери жүргүзүлгөн. 

"Мерседес-бенц 200" үлгүсүндөгү автоунааны айдап качкан деп шектелген Ноокат районунун Кулуштан айылынын 19 жаштагы тургуну жашаган үйдү тинтүү учурунда чогултулган курал-жарак табылган. 

Үйдөн үч граната, автоматтын беш огу, төрт даана автомат магазиндери, милициянын эки баш кийими жана бир камуфляжы, төрт даана күбөлүктүн сырты, 15 симкарта, жыйырмага жакын ар кандай автоунаа ачкычтары, үч флешкарта алынган. Аларга карата тиешелүү экспертизалар дайындалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0