Мылтык, тапанча жана ок — Чүй облусундагы ок-дары катылган жер

Жазылуу
Бейшемби күнү Баңгизатка каршы мамлекеттик кызматка бир жаран телефон чалып, ГЭС-5тен алыс эмес жерде "Пух-Перо" заводунун жанында белгисиз адамдар капка салынган бир нерселерди катканын маалымдаган.

Ок. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Рейд учурунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылууда
Баңгизатка каршы мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү айтылган жерге чыгып, полиэтилен баштыгына оролгон курал-жарак табышкан. Таштандынын алдындагы арыктын ичинде "Сайга 410 К", "Сайга", "Байкал" мылтыктары менен бирге Макаров жана "Байкал" тапанчалары алынган.

Мындан тышкары, ошол эле жерден ар кыл түрдөгү куралдын октору, оптикалык прицел, тапанчанын кабы жана курал тазалоочу май табылган. Учурда аталган курал-жарак боюнча тийиштүү экспертиза түрү дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0