02:48 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Видео

Бишкектиктердин ууртуна жылмаюу тартуулоо оорбу – социалдык эксперимент

Кыскача шилтеме алуу
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)
22510
© Sputnik / Эркин Алымбеков

Бишкектеги "Мим" эксперименти көрсөткөндөй, бишкектиктер Франция же Япониянын тургундарына караганда күлкүнү жакшы кабыл алат. Мындай пикирин буга чейин аталган мамлекеттерде пантомимо оюунун тартуулаган Сергей Кочетков билдирди.

Бишкекте "Мим" социалдык экспериментин жасадык. Анын максаты шаардыктар аларды күлдүрүүгө аракет кылган бейтааныш кишиге кандай мамиле кыла турганын билүү болчу.

Бул эксперимент 28-октябрда белгилене турчу Анимациянын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.

Актер Сергей Кочетковдун айтымында, шаардыктардын көпчүлүгү анын аракетин жылуу кабыл алышкан. Ал кайрылган бардык тургундар жылмайып, күлкүгө жакшы карай тургандыктарын көрсөткөн.

Кочетков буга чейин Япония жана Францияда дагы понтамимо оюндарын көрсөткөн. Бирок, ал жакта мындай актерлор көп болгондуктан, суз мамиледе болушкан. Бишкекте мындай оюндар сейрек кездешкендиктен, алар кызыгуу жана жылмаюу менен кабыл алынган.

Белгилей кетсек, бир катар шаардыктар актерду "оорулуу киши катары" кабыл алышты.

Тема:
Sputnik жүргүзгөн социалдык эксперименттер (22)

Тема боюнча

"Таштандыны туура эмес ыргыт" эксперименти шаардыктардын кыжырын кайнатты
Белгилер:
анимация, күлкү, пантомима, социалдык эксперимент, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ