Ат тезегин кургатпай Түркиядан Кыргызстанга машина менен келип кеткен Адем

Жазылуу
Адем Каяжы 2011-жылдан бери Түркиядан Кыргызстанга машина менен келип кетет. Аял өзүнө колуктуну кыргыздан алган. Учурда эки балабыз бар. Андыктан бул жакка саякаттап келип кеткенге себеп да, мүмкүнчүлүк бар, дейт ал.

Буга чейин жалгыз жана үй-бүлөсү менен 30дан ашык жолу келип кеткен. Быйыл Түркиянын номери тагылган машинасы менен биринчи жолу Кыргызстанга келди. 

"Үй бүлөм менен да, жалгыз да келип кетип жүрөм. Бир жылда эң аз дегенде эки-үч жолу келем. Бирок кээде бул жактага жумуштарыма байланыштуу бир айда экиден көп жолу келген учурлар болот. Мисалы азыр мен эки айдын ичинде эки жолу келдим", — дейт ал.

Каяжы Түркиядан Кыргызстанга келе жатканда төрт мамлекеттен өтөөрүн айтат.

"Мен көбүнчө түрк тилдүү мамлекеттерди аралап саякаттайм. Кыргызстандын "Достук" чек арасынан чыгып, Өзбекстанга барам, андан ары Түркмөнстанга, Иранга анан Түркияга өтөм. Кээде Иранда көп маселе чыгат, андай болгон учурда Грузия, Азербайжан Түркмөнстан, Өзбекстан аркылуу Кыргызстанга келем", — деди ал.

Эми Адем Каяжы Россия, Казакстан аркылуу келүүнү пландап жатат. Бул багыттагы жолдун жакшы экенин уккан. Бирок, орус тилин билбегендиктен ал планынын ишке ашыра элек.

Төрт жылдан бери ат тезегин кургатпай Кыргызстанга каттаган Адем Каяжы жолдо түрдүү, кызыктуу окуяларга туш болгонун айтып, кайсыл мамлекеттерден тез өтө турганын сай медиреп берди.

"Визаларың жайында болсо Түркмөнстандын чек арасынан өткөн абдан оңой жана бат. Ал эми Өзбекстандын чек арасынан бир топ эле кармаласың. Ал жакта чек арада турган жоокерлер көп. Анан машинаны да көп текшеришет. Жолдо кетип баратканда көп токтотот. Кыргызстанда андай маселе жок", — дейт саякатчы.

Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен - Sputnik Кыргызстан
Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен
Адем Каяжынын машинасында бардык ыңгайлуу шарттар бар. Жууркан-төшөктөн баштап, өзү колго жасаган муздаткычты дайыма жанына алып жүрөт. Керек болгон убакта пикник кылыш үчүн мангалды да салып алган.

Мамлекеттерди аралап саякаттоо учак менен келүүгө караганда бир аз кымбатка түшөрүн Каяжы белгилейт. Бирок, саякаттоонун ырахаты мамлекеттерди аралап, жаратылышты көрүү экенин ал белгилейт.

"Учак менен келгенде кантип келип калганыңды байкабай каласың. Себеби, бир чекиттен бир чекитке эле учуп келесиң. Саякаттоонун ырахатын саякатты жакшы көргөн кишилер гана түшүнөт", — дейт ал.

Түркиядан Кыргызстанга Адем Каяжы эң тез дегенде 5 күндө, көп дегенде 8-9 күндө келет. Башкача айтканда ар бир мамлекетти бир күндө басып өтөм, дейт саякатчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0