Кутуга салынган 8 килограмм баңги зат алынды

Жазылуу
Кадамжай районунун Исамариям айылында Өзбекстандын Фергана облусунун Сох районунун тургуну 58 жаштагы Ю.М. ак түстөгү кутуну көтөрүп келе жаткан жеринен токтотулуп токтотулган. Аны текшере келгенде өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 8 даана скотчко оролгон 8 килограмм баңги зат чыккан.

Сигарет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан тамекиге ороп баңгизат алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Бул аракет 25-октябрда Баткен ОИИБдин жана Лейлек РИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабанын биргеликте жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары 25-октябрь күнү Кадамжай районунун Абсамат айылынын тургуну 27 жаштагы С.Энин үйүнүн короосунан 42 түп кургатылбаган жалпы салмагы 79 килограмм кара куурай калыстардын катышуусунда акт түзүлүп алынды.

Жогорудагы фактылар боюнча азыркы күндө тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0