Бишкекте көчөнүн аң-чөнөктөрүнөн сууну сузуп алышып, ал жерлерге асфальт төшөп жатышат

Жазылуу
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Ташкент көчөсүндө жолду жамгырдан кийин жамоону чечти. Бул туурасында тартылган видеону Sputnik маалымат агенттигине окурман WhatsApp аркылуу жиберген.

Бул үчүн алар өзгөчө ыкманы колдонуп, аң-чөнөктөргө толгон сууну сордуруп кургатпай эле, ага асфальт төшөп жатышат. 

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мирлан Амантуровдун маалыматында, аталган көчөдө бүгүн болгон жана жолду мыйзамсыз оңдоо фактыларын байкаган эмес. 

"Эгерде жумушчулар асфальтты суусу кургай элек жерге төшөп жатса, алар жолду жамоонун техникалык эрежелерин түздөн-түз бузган болот. Алар жолду мындай ыкма менен оңдоп жатканы албетте, туура эмес", — деди ал.

Амантуров, эгерде жолдорду оңдоп-түзөө иштери кемчилдик менен жасала турган болсо, анда иш кабыл алынбастыгын жана кайра жасоо талап кылынарын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0