Атамбаев бир катар чет мамлекеттердин элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын, Украинанын, Германия Федеративдүү Республикасынын, Египет Араб Республикасынын, Литва Республикасынын жана Чили Республикасынын Элчилеринен Ишеним грамоталарын кабыл алды.

Атамбаев дипломатиялык миссиялардын башчыларын Кыргызстанда ишмердигинин расмий башталышы менен куттуктап, өлкөлөр ортосундагы мамилелер элчилердин ишине жараша болорун белгиледи.

"Сиздерге Кыргызстанда өлкөңүздөрдүн өкүлү болуу, эки тараптуу мамилелерге жана бардык чөйрөлөрдө өз ара пайдалуу кызматташууга өбөлгө түзүү боюнча жооптуу милдет жүктөлгөн", — деди президент.

Атамбаев аталган мамлекеттер менен Кыргызстан өз ара кызматташууну мындан ары жандандырууга кызыкдар экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0