Жалындаган павильон жана өрт өчүрүүчүлөрдүн иши. Күбө тартып алган видео

Жазылуу
Сүйөркулов менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым павильону жана анын жанында турган унаа күйүп кетти. Окуяга шаршембиден бейшембиге караган түнү болгон.

"Алгач өткөргүчтөр чарт-чурт этип күйүп кетти. Анан павильондун оң капталы күйө баштап эле, бир мүнөттөн кийин өрт павильондун артында турган унаа жайындагы машинага жайылды. Өрт өчүрүүчүлөр абдан ыкчам эле, кырсык башталгандан кийин беш мүнөттө ушул жерде болушту. Сегиз мүнөттөй убакытта эле өчүрүп коюшту", — деди Тарасенко.

Өрт кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир сутка ичинде өлкө аймагында жыйырмага жакын өрт кырсыгы катталды
ӨКМ 15 чарчы метр аянттагы павильон ичиндеги товары менен, ошондой эле анын жанында турган унаанын мотордук бөлүгү күйүп кеткенин тактады.

Кырсык болгон жерге келген өрт өчүрүүчүлөр жалынды токтотуп, жабырлануучулар катталган эмес. Алдын ала жыйынтык боюнча, өрткө электр жабдууларын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин көз жаздымда калышы себеп болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0