Кара өрүктү чогултууга каруу керек – айыл турмушунан

Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Мундуз айылында кара өрүк жакшы өсөт. Учурда аны жергиликтүү тургундар терип жаткан кези.

Учурда жаңы үзүлгөндөрү 24 сомдон сатылып жатканын, ал эми кургатылгандары 100 сомдон ашарын айылдыктар айтууда.

Жергиликтүү тургун Гүлбарчын Ташбаева быйыл 60 жашик ашык кара өрүк терип саттым дейт.

"Быйыл түшүм жакшы, кайналы (авт. — кара өрүк) жакшы чыкты. Эл катары аны терип сатып жатабыз. Учурда 500 килограммдай кайналыны кургатып койдук, дагы ушунчаны кургатып алсак деген оюбуз бар", — дейт Гүлбарчын.

Айыл тургундарынын айтымында, кара өрүктү шыйпырга, цементтелген жерге жана атайын серелерге жайса,  жакшы кургайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0