16:34 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8159
  • EUR77.6004
  • RUB1.0582
Видео

"Ала-Тоодогу" окуя жөнүндө: үйдүн чатырына чыга калганда, октун үч ирет атылганы угулду

Кыскача шилтеме алуу
Чүй облусунда атайын кызмат согушкерди кармады (4)
187 0 0
© Sputnik / Эркин Алымбеков

Жергиликтүү тургундардын айтымында, атайын кызматтагылар ок чыгарган. Террорист деп аталгандар жашырынып жаткан үй тараптан ок атылган жок дешти кошуналар.

"Ала-Тоо" айылындагы ок атууга күбө болгондор Sputnik кабарчысына террористер деп айтылгандарды кармоо кандай жүргөнүн айтышты. 

Үйүнүн жанында шектүүлөр жашаган Данияр Күмүшүковдун айтымында, жума күнү эртең менен анын короосуна атайын күчтөрдүн жоокерлери кирип келген. 

"Мен жок болчумун. Апам аскер кызматкерлери баарын үйгө кирип, жашырынгыла деп суранганын айтты. Биздин сарайдын үстүнө чыгып үч жолу ок атышыптыр. Тиги үй тараптан ок атылган жок дейт. Мен келсем, ал үйдөн кандайдыр бир жашиктерди көтөрүп чыгып жатышкан экен. Алар мага ок-дары салынгандай көрүндү", — дейт Күмүшүков. 

Ал атайын операциядан курман болгондорду көргөн эмес. 

Жума күнү жергиликтүү тургундардан айылда атылган октун үнү угулду деген кабар келген. 

Тема:
Чүй облусунда атайын кызмат согушкерди кармады (4)

Тема боюнча

"Ала-Тоо" совхозундагы атышуунун үнүнөн кийин мектеп окуучулары үйгө ата-энелери менен кайтышты
Жергиликтүү жашоочу: "Ала-Тоодо" тартип коргоо кызматкерлери жүрөт
"Ала-Тоо" айылында атышуунун үнү угулду
Белгилер:
ок атуу, ок-дары, согушчандар, кармоо, террористтер, Данияр Күмүшүков, Ала-Тоо

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ