"Кыргызстан", "Азаттык", "Улуу Кыргызстан" партияларынын теледебаты

Жазылуу
Дүйшөмбү күнү сөз эрөөлүнө "Кыргызстан", "Азаттык" жана "Улуу Кыргызстан" партиялары чыкты.

"КТРК көрөрмандары үчүн түз эфир учурунда гана белгилүү боло турган көп сюрприздерди даярдадык", — деп Sputnik агенттигине коомдук телерадиокорпорациянын башчысы Илим Карыпбеков билдирген.

Жарыш катышуучуларынын шайлоо алдындагы дебаттары КТРКда 25-29-сентябрь күндөрү болот. Бардык партиялар үчүн дебат түз эфирде көрсөтүлөт.

4-сентябрдан тарта үгүт иштери расмий түрдө башталган. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт.

Партиялар үчүн эфирдик убакыттын бөлүштүрүлүшү жөнүндө Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0