Сариев базар аралап, бааларды билип, балдан ооз тийди

Жазылуу
Өкмөт башчысы Темир Сариев дем алыш күнү Бишкек шаарында өткөн айыл чарба азыктарынын жармаңкесине келди.

Сариев менен Миллер Кара-Сууда футбол ойноду
Кыргызстандын борборунда күз айлардын ар бир жекшембисинде талаадан алынып келген айыл чарба продукцияларынын жармаңкеси болуп турат. Фермерлер бул жерде баалар ортомчулар аркылуу өтпөгөндүктөн, базардан кыйла төмөн экендигин айтышты.

Жармаңкеде адатта жашылча-жемиштер, бал, сүт азыктары сатылат.

Шаардыктар үчүн уюштурулган жармаңкеге келген премьер-министр Темир Сариев менен шаар мэри Кубанычбек Кулматов кошо жүрдү. Өкмөт башчы фермерлердин ал-жайын сурап, балчылардын балынан ооз тийип, бааларына кызыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0