Сариев кыргызча Википедия, Google Translate жөнүндө: өкмөт көңүл бурат

Жазылуу
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жарандардын каалоосу жана аракети болбосо, ишке ашышы кыйын экенин премьер-министр Темир Сариев кыргыз тилиндеги Google Translate Community жана Википедия интернет энцклопедиясынын ыктыярчылары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анда өкмөт башчы кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгиси, тарыхый, маданий мурасы экенин белгилеп, тилди өнүктүрүү ар бир кыргызстандыктын милдети деп айтып өттү. 

Уикипедиянын кыргыз тилиндеги баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: кыргыз тилин үйрөнүү үчүн муктаждык жаратуубуз зарыл
Өкмөт бул сыяктуу демилгелерди колдоого алууга даяр экенин белгилеген Сариев Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кыргыз Википедиясын ырааттуу байытуу боюнча атайын иш-чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

Википедия (Wikipedia) — эркин жана акысыз интернет энциклопедиясы. Учурда кыргыз тилиндеги википедияда 48 000 макала бар. 

Google Translate котормочу 80ден ашуун тил арасында өз ара автоматтык которуу кызматын көрсөтөт. Учурда бул сөздүккө кыргыз тилиндеги 500 000 фраза которулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0