13:37 16 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Видео

Азиз ишкер Бишкекте ашкана ачып, майыптарды жумушка алып жатат

Кыскача шилтеме алуу
30910
© Sputnik / Эркин Алымбеков

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун кызматкерлери менен тикмечилеринин курсагын тойгузуп келе жаткан ашкананы көзү көрбөгөн Каныбек Бегиматов он жылдан бери башкарып келет. Ишкер мындай жол менен "өкмөткө көз каранды болбой" жашаганга аракет кылууда.

59 жаштагы Каныбек Бегиматов Бишкекте ачкан ашканасына жумушка көзү көрбөгөн майыптарды алууга басым жасайт. Мунусун "аларга көбүрөөк ишене тургандыгы" менен түшүндүрдү.

Биз сөз кылып жаткан ашкана Бишкектин борборунда, Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун имаратынын жанында иштейт.

Каныбек мурда базарда майда-чүйдө сатып тыйын тапканга аракет кылган. Кийин аялы экөө Азиздер жана дүлөйлөр коомунда иштегендер үчүн майга бышырып токоч сатып жүрүшкөн. Бир аз убакыттан кийин жубайларга аталган коомдун жетекчиси анда иштегендерге толук кандуу тамак-аш жасап туруу үчүн кайрылып… ашкана пайда болуптур. Андан бери он жыл өттү.

Бизнесмен көзү көрбөгөндөрдү гана ишке алууга басым жасарын айтты.

"Алар башкаларга караганда, ишке дилгир. Анан көбүрөөк ишенесиң",— деди Бегиматов.

Ал эми мамлекеттин жардамына жубайы экөө тең алда качан эле таянбай калышкан, себеби, "алган акча эч нерсеге жетпейт" дешти.

Жубайлар көзү көрбөгөндүгү үчүн майыптыкка чыгышкан. Бермет экинчи топтогу, ал эми Каныбек беш жылдан бери биринчи топтогу майып деген каттоодо турат.

Тема боюнча

Москвада көзү азиз кызга кол салып, тоноочулар анын күчүгүн уурдап кетишти
Мамбетакунов дүлөйлөр жана азиздер коомунун төрагалыгына кайра шайланды
Белгилер:
жубайлар, ишкер, бизнесмен, ашкана, азиз, майып, Алик Бакиров, Каныбек Бегиматов

Дагы видео

  • Глава Таджикистана Эмомали Рахмон организовал вечер Дружбы для участников Пятого саммита Совещания по взаимодействию и мерам доверия в Азии (СВМДА).
    Акыркы жаңылоо: 13:12 16.06.2019
    13:12 16.06.2019

    Жомоктогудай! Рахмондун резиденциясында ажолордун эс алган видеосу

    Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин 5-саммитине катышуу үчүн Душанбеге барган президенттерди резиденциясында коноктоду. Рахмондун сыйы Facebook баракчасына жарыяланган.

    180
  • 16-июнда таңкы саат 05:05тер чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жол кырсыгы болду.
    Акыркы жаңылоо: 11:16 16.06.2019
    11:16 16.06.2019

    Унаа аңтарылып кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

    16-июнда таңкы саат 05:05тер чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде жол кырсыгы болду.

    652
  • Акыркы жаңылоо: 20:08 15.06.2019
    20:08 15.06.2019

    Шакирттикке көп киши чыдабайт. Чопону ийге келтирген чебер Мурзаевдин өнөрү

    Араван районунун 46 жаштагы тургуну Шарабидин Мурзаев 26 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Кол өнөрчүлүк анын жашоосунун ажырагыс бөлүгүнө айланган. Бул өнөр чыгармачылыкты гана эмес, чыдамкайлыкты да талап кыларын айткан чебер Ош шаарынын баалуулуктарын камтыган буюмдарды жасайт. Анын колунан жаралган ар бир буюм жергиликтүү калктын гана эмес, чет өлкөлүктөрдүн да купулуна толууда.

    72
  • 15-июнга караган түнү Ош базарынын жанында курулуп жаткан соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурунан улам тротуар түшүп кеткен. Бул тууралуу окурман билдирип, редакциянын WhatsApp-каналына видео жөнөткөн.
    Акыркы жаңылоо: 17:11 15.06.2019
    17:11 15.06.2019

    "Ош" базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео

    15-июнга караган түнү "Ош" базарынын жанында курулуп жаткан соода борборунун пайдубалы үчүн казылган чуңкурунан улам тротуар түшүп кеткен. Бул тууралуу окурман билдирип, редакциянын WhatsApp-каналына видео жөнөткөн.

    745

ЭҢ МААНИЛҮҮ