Гладиатор Сыргабаев беттешүүдө америкалык Жефф Монсонго кыргыз духун көрсөттү

Жазылуу
Кылымдын кармашы болгон беттешүү кыргыз жигитинин жеңиши менен аяктады

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. ММА JFC чемпиондугу үчүн өткөн беттеште ийгилик кыргызстандык мушкер Замирбек Сыргабаевди коштоду.

Монсон катышкан MMA боюнча Jash Kuch Fighting Championship (MMA JFC) өткөргөн турнир ишемби күнү Бишкек шаарында болду. Мында башкы беттешүү — америкалык спортчу Жефф Монсон менен кыргызстандык спортчу, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргабаевдин ортосунда өттү.

Замирбек Сыргабаев Жефф Монсого сокку кылып жатат. - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спортчусу океандын ары жагынан учуп келген атаандашын баш көтөртпөй жеңип алды
Чемпионаттын алкагында Кыргызстандык спортчулар АКШ, Россия, Бразилия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген атаандаштары менен 13 ирет беттешти. Анын 11и рейтинг, ал эми экөө айыгышкан мушташ наамы үчүн жүрдү.

Монсон ADCC Submission Wrestling World Championship боюнча эки жолку жеңүүчү жана бразиялык жиу-житсунун дүйнө чемпиону. ММА эрежелери боюнча ал 78 жолу беттешип, анын 55инде жеңишке жеткен.

Сыргабаев — самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0