ММА мушкери Жефф Монсон Кыргызстанда. Аэропорттон тартылган видео

Жазылуу
Көптөр Жефф Монсон Кыргызстанга келет деген маалыматка ишенген эмес. Бирок ал кыргызстандык спортчу Замирбек Сыргыбаев менен беттешет деп билдирди MMA JFC боюнча чемпионаттын уюштуруучусу Айбек Мусаев.

Жефф Монсон Кызыл-Кыянын шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргыбаев менен беттешүү үчүн Кыргызстанга учуп келди.

ММАнын күрөшчүсү Монсон "Мекен-эне" эстелигинин сүрөтүн денесине чектирди
ММА гладиатору Жефф Монсон бейшемби күнү Кыргызстанга келди. Эл аралык "Манас" аэропортунда спортчуну беттештин уюштуруучулары тосуп алды. Монсон MMA боюнча Jash Kuch Fighting Championship (MMA JFC) өткөргөн биринчи турнирге катышат.

MMA JFC боюнча чемпионат Бишкек шаарында 19-сентябрда болот. Мында башкы беттешүү — америкалык спортчу Жефф Монсон менен кыргызстандык спортчу, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты Замирбек Сыргыбаевдин ортосунда болот.

Монсон журналисттерге маек берип жаткан учурда денесине чегилген "Эне мекен чакырат" деген сүрөттүү жазууну көрсөттү.

JASH KUCH клубунун президенти Айбек Мусаев "көптөр Жефф Монсон Кыргызстанга келет деген маалыматка ишенген эмес, бирок, ал биздин жергебизде" экендигин айтты.

Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатына даярданууда
Буга чейин чемпионатта Кыргызстандан чыккан спортчулар АКШ, Россия, Бразилия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген атаандаштары менен беттеше тургандыгы айтылган.

Монсон ADCC Submission Wrestling World Championship боюнча эки жолку жеңүүчү жана бразиялык жиу-житсунун дүйнө чемпиону. ММА эрежелери боюнча ал 78 жолу беттешип, анын 55инде жеңишке жеткен.

Сыргыбаев — самбо, ММА, бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, панкратион боюнча Евразия чемпиону, аны менен кошо эле Кыргызстандын панкратион боюнча абсолюттук чемпиону. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаты.

Жаңылыктар түрмөгү
0